КЫР ІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жок кылуу, өлтүрүү. Жыргалга кастык кылганды, Жыландай жанчып кырамын (Бөкөнбаев). Кырамын өзү келген ач көз жоону Колхоздун адырынан чөп чапкандай (Үмөталиев). 2. Бир нерсени сүргүлөп тегиздөө, сүргүлөп тазалоо, сүрө тартып ажыратуу, бөлүү. Табак-аяк кырат, кашык, жасайт (Токомбаев). Айран калдым мен көрүп, Апийимди кырганын (Осмонкул). Аттын жанына барып, мойнунан сылап, каткан терлерин кырды (Каимов).